Салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүү сунушталды
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырды. Текшерүү юридикалык жактар, жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги “Сервистер” бөлүмүндөгү № 24 жана № 25 формаларында жүргүзүлүшү керек.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, төмөнкү маалыматтарды текшерүү зарыл:
· салыктык каттоо жүргүзүлгөн райондун иш жүзүндө иш жүргүзүлүп жаткан жерге же мүлктүн жайгашкан жерине шайкештигин;
· салыктардын жана колдонулуп жаткан салык режимдеринин туура көрсөтүлүшүн;
· байланыш жана идентификациялык маалыматтардын актуалдуулугун.
Эгерде дал келбестиктер аныкталса, маалыматтарды тактоо жана оңдоо үчүн катталган жери боюнча тиешелүү аймактык салык органына шашылыш кайрылуу сунушталат.
Жеке ишкерлер Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги “ЖИни кайра каттоо” онлайн-сервисин да пайдалана алышат.
Сервисти колдонуу боюнча кадам-кадам көрсөтүлгөн видео нускама төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.youtube.com/watch?v=NmgvOs96JQQ
Мүмкүн болгон талаштуу жагдайларды алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун туура жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөргө каттоо маалыматтарын өз убагында текшерүү жана зарыл болгон учурда жаңылоо сунушталат.