Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын августунда азайды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 269,6 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын август айындагы 342,5 млн $ салыштырмалуу төмөн.
Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Август айында бул өлкөдөн 239,2 млн $ которулуп, жалпы агымдын 90%дан ашыгын түзгөн.
Ошол эле учурда өлкөдөн сыртка агып чыккан акча каражаттарынын көлөмү да азайган. 2026-жылдын августунда 8,7 млн $ өлкөдөн чыгарылса, 2025-жылдын августунда бул сумма 45,3 млн $ болгон.