Президент: Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өстү

Президент: Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өстү

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өскөнүн билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы Манас шаарынын жана Сузак районунун жашоочулары менен жолугушууда айтты.

Айтымында, 2021-жылы облустун боюджетинин көлөмү 2 миллиард 630 миллион сом менен бекитилген.

"2025-жылы ал 11 миллиард 490 миллион сомду түздү. Башкача айтканда, облустун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 4,5 эсеге же 8 миллиард 860 миллион сомго көбөйгөн. 2025-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 39 миллиард 768 миллион сомду түздү. Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө республикалык бюджеттен 27 миллиард 778 миллион сом кошумча акча каражаты каралып, толугу менен берилди", - деди президент.

Өлкө башчысы 2026-жылы облустун бюджети 5 миллиард 569 миллион сом өлчөмүндө бекитилип, ушул жылдын 9 айына республикалык бюджеттен 12 миллиард 757 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ашхабадда билим берүү министрлеринин жыйыны өттү

Ашхабадда билим берүү министрлеринин жыйыны өттү

Бүгүн Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын билим берүү министрлеринин тегерек столу өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдады. Билдирүүгө караганда, бул иш-чара билим берүү тармагындагы аймактык кызматташтыкты чыңдоого, тилдик азчылыктарды колдоого жана этностор аралык ынтымакты өнүктүрүүгө багытталган. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова "Көп тилдүү ыкмалар

Ишкер Media
Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын августунда азайды

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын августунда азайды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 269,6 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын август айындагы 342,5 млн $ салыштырмалуу төмөн. Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Август айында бул өлкөдөн 239,2 млн $ которулуп,

Ишкер Media
Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыкты өнүктүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту. Бул тууралуу 22-октябрда МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин жана өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты. МинКаб төрагасы Швейцария Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, саясий диалогду

Ишкер Media
Өлкө башчы Базар-Коргон эли менен жолукту

Өлкө башчы Базар-Коргон эли менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы райондун бюджетинин кыйла өскөнүн айтып, өздүк бюджеттик каражаттардын көбөйүшү менен катар аймак социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн республикалык бюджеттен да олуттуу каржылык колдоо алып жатканын баса белгиледи.  "

Ишкер Media