Өлкөдө 9 айда 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү
Өлкөдө 2026-жылдын 9 айында 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөржай көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өсүү темпи былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 106,5 пайызга өстү.
"Ал эми, кайра иштетүү тармагында 92,7 млрд сомдук продукция кайра иштетилип, физикалык көлөмдүн индекси 109,4 пайызды түздү. Тармакта 75 ири-орто ишкана, 9 соода логистикалык борбор, 65 кооператив, 22 МТС түзүлүп, 1724 айыл чарба техникалары лизингге берилди, 2000 жаңы жумуш оруну ачылып, эл аралык сапат стандарттары 32 ишканада киргизилди", - деди ал.
Министр алдыда өндүрүлгөн чийки продукциянын 25 пайызын кайра иштетүү, кластердик өндүрүш ыкмасын мындан ары жайылтуу, айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсе көбөйтүү милдеттери турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, "АгроТехЭкспо-2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси 23-25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлөт.
Иш-чарада азык-түлүк жарманкеси жана асыл тукум мал жана балык чарбасынын, айыл чарба техникасынын көргөзмөсү менен катар инновациялык технологиялар жана санарип чечимдер көрсөтүлөт.