Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы социалдык объектилерди оңдоого жана жаңылоого жумшалат.

Президент ошондой эле кен иштетүүдө экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгын белгиледи.

"Кен иштетилген соң ал жерлерге техникалык жана биологиялык рекультивация сөзсүз түрдө, толук кандуу жасалышы шарт. Жаратылышка, келечек муунга зыян келбеши керек", - деди өлкө башчысы.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media
Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат

Чаткал районунун 11 айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаров район тургундары менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, учурда райондун алты айылы таза ичүүчү суу менен камсыздалган. Ал эми калган калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн долбоордук-сметалык

Ишкер Media