Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү
Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды.
Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн сом балдарды реабилитациялоо борборуна каралган.
Ошондой эле 140 орундуу бала бакчанын курулушуна 130 млн сом, узундугу 11 чакырым болгон таза суу системасын курууга 115,9 млн сом бөлүнгөн.
Мындан тышкары, шаардагы 16,4 чакырым ички жолду асфальттоого 320,9 млн сом жумшалган.
Аталган долбоорлор шаар тургундарынын билим берүү, саламаттык сактоо жана коммуналдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.