Чаткал районунун 11 айылында таза суу системалары курулуп жатат
Чаткал районунун 11 айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаров район тургундары менен жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда райондун алты айылы таза ичүүчү суу менен камсыздалган.
Ал эми калган калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.
Бул иштер жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана калкты таза суу менен камсыз кылууга багытталган.