Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды
КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган.
Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу тактаган жок. Бүгүнкү күнгө карата - Улуттук банктын Төлөм системаларынын операторлорунун лицензияларынын реестринде 56 төлөм уюму катталган. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.
Кыргызстанда алардын ишмердүүлүгү Улуттук банк тарабынан жөнгө салынып, атайын лицензиянын негизинде жүргүзүлөт.