Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды.
Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты, инвестициянын көлөмү 100 млн АКШ долларын түзөт.
Экинчи күн электр станциясын Ынтымак айыл аймагындагы 183 гектар жерге куруу пландалууда. Анын кубаттуулугу 100 МВт болуп, долбоордун наркы 100 млн долларга бааланган.
Ошентип, эки долбоорго жалпысынан 200 млн доллар инвестиция тартуу каралууда.