Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку окуу жайлардын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө, академиялык алмашууларды активдештирүүгө жана биргелешкен илимий-изилдөө потенциалын чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кызматташуунун ченемдик-укуктук базасын, анын ичинде жогорку билим берүү тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун да карап чыгышты.
"Бул документке кол коюу академиялык алмашууларды өнүктүрүүгө, билим берүү квоталарын натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана жогорку окуу жайлар аралык биргелешкен программаларды түзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди", - деп жазылат маалыматта.