ЖАМКтын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Аскер прокуратурасы Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүн пара талап кылууга шектүү катары кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, 27-октябрда жаран М.Ш. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, кызматкер маселесин чечип берүү үчүн 100 000 сом талап кылган.
Кылмыш ишинин алкагында шектүү Б.Б. 60 000 сом алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.