Жаңы "Ош базарынын" негизги курулушу аяктап калды
Бишкек шаарындагы жаңы "Ош базарынын" негизги курулушу аяктады, эми жол инфраструктурасы бүткөрүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, соодагерлер жана кардарлар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, кышында жылуу, жайында салкын болуучу соода жайлары курулду.
Президентиин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы "Ош базарына" барып, аткарылган иштер менен таанышты.
Туманбаев калган иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.