Дарыкана түйүндөрү аркылуу психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталды
Мамлекеттик бажы кызматы ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен Казакстандан Кыргызстандын аймагына дары каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады.
Бажы кызматынын маалыматына караганда, аталган каражаттарды ташуу үчүн атайын жашыруу бөлүгү менен жабдылган жүк ташуучу унаа колдонулганы аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө унаадан Кыргызмтандын аймагында жүгүртүлүшү чектелген дары каражаттары жана психотроптук заттар табылган.
Тергөө маалыматына ылайык, өлкөгө мыйзамсыз алып келинген препараттар кийин Бишкек шаарындагы ири дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылып турган. Бул факты боюнча Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн алкагында, кыргызстандык жарандар Ж.Б.Ж. жана Н.К.Н. кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынды.
Учурда бул баңгизаттарды жеткирүү жана бөлүштүрүү каналдарын аныктоо, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.