Сокулукта транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы бөлүм ачылды

Сокулукта транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы бөлүм ачылды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылында транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы "Түндүк" бөлүмү иштей баштады. Бул туурасында Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.

Бөлүм КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун курамына кирет.

Маалым болгондой, алгачкы этапта транспорт каражатын биринчи жолу каттоо жана кайра каттоо боюнча арыздар "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу гана кабыл алынат. Жарандар арызды телефон аркылуу бере алышат.

Арызды адис тастыктагандан кийин бөлүмгө даяр техпаспорт менен мамлекеттик номерлерди алуу үчүн гана келишет. Даяр документтерди алуу үчүн паспортту алып келүү керек.

Мамлекеттик номерлер алмаштырылган учурда мурдагы техпаспорт менен номерлерди да алып келүү зарыл.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы тартип жарандардын убактысын үнөмдөп, кезек күтүүнү азайтарын белгиледи.

Анын айтымында, каттоо кызматын толугу менен онлайн жүргүзүү боюнча иш жүрүп жатат.

Кийинки кадам катары даяр техпаспорт менен мамлекеттик номерлерди жарандардын үйүнө жеткирүү каралууда.

Жаңы бөлүм дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт. Бөлүмдүн дареги — Чүй облусу, Сокулук району, Ак-Жол айылы, Разное көчөсү, 10
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Дарыкана түйүндөрү аркылуу психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталды

Исхак Масалиев Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү

Бишкекте айыл чарба жарманкелери кийинки жай мезгилине чейин сунушталат

Жеңишбек Асылбек Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды

СПЕКА өлкөлөрү аймактык кызматташтык боюнча биргелешкен долбоорлорду бекитти