10-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу берилбейт
Бишкектин эки районунда 10-ноябрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн мэриядан эскертти.
Өчүрүү району:
- 10-кичи район № 16-25, 9, 10, 11, 17/1
- 9-кичи район № 10,12,12/1, 13, 14, 15, 46, 40/1
Суу берүү "Бишкекжылуулукэнерго" тарабынан диаметри 100 мм болгон бурама тээктеги (задвижка) тыгынды жоюу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу