Бишкекте айыл чарба жарманкелери кийинки жай мезгилине чейин сунушталат
Бишкекте 6-ноябрдан тартып айыл чарба жарманкелери уюштурулуп, анда эт, сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана күнүмдүк керектелүүчү башка азыктар жеткиликтүү баада сатылат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жарманкелер ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана фермердик чарбаларды колдоо максатында уюштурулду. Өндүрүмдөр сатып алуучуларга ортомчусуз түз сатылат.
- Ленин районундагы жарманке Жал кичи райоанундагы Миңжылкиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 6-ноябрдан тартып ар жума, ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлөт.
- Ал эми Биринчи май районундагы жарманке 7–8-ноябрда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат. Кийин соода ар ишемби жана жекшемби күндөрү 2027-жылдын июнь айына чейин уланат.
Жарманкелер тууралуу кеңири маалыматты алуу үчүн +996 (702) 702 000 телефонуна кайрылууга болот.
Министрликтин маалыматына караганда, ортомчусуз соода фермерлердин кошумча чыгымдарын азайтып, керектөөчүлөргө азыктарды ылайыктуу баада сатып алууга шарт түзөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу