Финкөзөмөл банк эмес финансы рыногун өнүктүрүүнү бизнес өкүлдөр менен талкуулады
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов Эл аралык ишкердик кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуп, банктык эмес финансылык секторду өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Финкөзөмөлдөн кабарлагандай, жолугушууда баалуу кагаздар жана камсыздандыруу рынокторун өнүктүрүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, аудитордук ишмердүүлүк, инвестициялык жана венчурдук фонддорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар ошондой эле финансылык рынокту жөнгө салуунун эл аралык тажрыйбасын талкуулап, инвесторлордун жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, рыноктун ачыктыгын жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Финкөзөмөлдүн маалыматына ылайык, бизнес-коомчулук менен диалогду улантуу жана банктык эмес финансылык рынокту туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу пландалууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу