Ысык-Көлдүн жээгинде от жаккан жаран аныкталды
Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында көл жээгинде белгиленбеген жерде от жагуу фактысы аныкталды. Бул туурасында Жаратылыш министрлигинен бүгүн маалымдашты.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда белгисиз жарандардын көл жээгине чатыр тигип, анын ичинде от жагып жаткандыгы тартылган видео жарыяланган.
Аталган маалымат боюнча тийиштүү кызматтар тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы тастыкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейинин көл жээгиндеги аймакта болгону аныкталган.
Мыйзам бузган жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренесине ылайык административдик чара көрүлдү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу