Кара-Балтада 5 жылда 7 жаңы өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилген
Кара-Балта шаарында 2021-2026-жылдары жети жаңы өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилип, 560 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу кечээ президент Садыр Жапаров шаардын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда айтылды.
Алардын катарында "Азия Сталь" ЖЧКсынын металлургиялык ишканасы, алтын куймаларын өндүрүүчү цех, "Зилан Эверсун Текстиль" текстиль ишканасы, бут кийим өндүрүүчү цех, ошондой эле "Гуандунь" кыргыз-кытай инвестициялык компаниясы жана башка өндүрүш ишканалары бар.

Президенттин администрация кабарлагандай, бул мезгил аралыгында шаарда 36 социалдык объект, анын ичинде 21 балдар оюн аянтчасы, 5 воркаут аянтчасы, 3 бала бакча жана муниципалдык базар курулган.
Мындан тышкары, шаар ичиндеги 16,5 км жолго асфальт төшөлгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу