Ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз
Кыргызстандын негизги ашууларында кар тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүп, жолдор ачык. Бул тууралуу 12-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолдор тазаланып, кум-туз аралашмасы себилди. Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда да абал туруктуу.
Ошондой эле Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 09:00дөн тарта алынды.
Учурда бардык аталган ашууларда жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда. Тыгын жок.
Министрлик айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты азайтууга жана жол эрежелерин сактоого чакырат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу