Жогорку Кеңеште тамак-аш коопсуздугу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Жогорку Кеңеште тамак-аш коопсуздугу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Жогорку Кеңеште энергетикалык суусундуктардын жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында депутат Токтобүбү Ашымбаева комиссиянын төрайымы болуп шайланды.

Ал эми анын орун басарлары болуп депутаттар Илимбек Кубанычбеков менен Жылдыз Садырбаева аныкталды. Ошондой эле комиссиянын катчылыгы жана иш алып баруу тартиби бекитилди.

Белгилей кетсек, аталган комиссия Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында "Ынтымак – Мекенчил" депутаттык тобунун демилгеси менен түзүлгөн. 

Комиссия балдар жана жаштар керектеген энергетикалык суусундуктардын жана башка тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менен сапатына көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуулугун иликтейт.

Ошондой эле бул багыттагы көйгөйлөрдү аныктап, билим берүү мекемелерин сапаттуу, коопсуз жана ата мекендик органикалык азык-түлүк менен камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Мындан тышкары, тамак-аш коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу жана мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизет.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу маселесин бир ай ичинде карап чыгып, алты ай аралыгында мыйзамдык негизде жөнгө салууну тапшырган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жетекчилер Бишкек ЖЭБде жыйын өткөрүштү

Ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз

Бишкекте батир убада кылып 2,9 млн сом алган жетекчи кармалды

Борбор Азияга климаттык долбоорлор үчүн 200 млн евро бөлүнөт

Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулган