Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ош шаарындагы Сары-Зоо участкасында 528 окуучуга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу толук аяктады. Жакынкы күндөрү мектепти пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланган.

Үч кабаттуу, беш блоктон турган мектепте окуу кабинеттеринен тышкары лаборатория, компьютердик класс, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө, жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Ошондой эле имаратка кубаттуулугу 662,6 кВт болгон күн панелдери орнотулган. Алар электр энергиясын үнөмдөөгө жана мектепти үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.

Курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, объекттин сапаты текшерүүдөн өткөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат

Чүйдө мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланды

Жетекчилер Бишкек ЖЭБде жыйын өткөрүштү