Чүйдө мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланды

Чүйдө мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланды

Чүй облусунун Кош-Коргон айылында мыйзамсыз уюштурулган таштанды төгүүчү жай тазаланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору текшерүү жүргүзүп, таштандылар белгиленбеген жерге мыйзамсыз төгүлгөнүн аныкташкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү бийлик тарабынан аймак таштандылардан тазаланып, мыйзам бузууга жол берген тарапка административдик чаралар көрүлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Жетекчилер Бишкек ЖЭБде жыйын өткөрүштү

Ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз