Жетекчилер Бишкек ЖЭБде жыйын өткөрүштү
12-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек жылуулук электр борбору муниципалдык ишканасында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилдеринин өтүшүнө байланышкан маселелер боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, жыйында энергетика тармагынын күз-кыш мезгилине даярдыгы, электр энергиясын өндүрүү кубаттуулуктарынын ишенимдүүлүгү, ошондой эле керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери талкууланды.
Анда энергетикалык компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууга, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнү камсыздоого жана энергетикалык инфраструктура объектилеринин туруктуу иштешин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда Акунбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жылытуу мезгилинде энергетикалык объектилердин ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, жабдуулардын техникалык абалына көзөмөлдү күчөтүү, отундун зарыл коруктарын камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.