Кыргызстан менен Тажикстан финансылык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Тажикстан финансылык кызматташтыкты талкуулашты

9–10-ноябрь күндөрү Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Зиёратшо Гуломзода баштаган делегация Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Тараптар банк секторун өнүктүрүү, банктык көзөмөл жана төлөм системаларына көзөмөл жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү, санариптик финансылык технологияларды киргизүү жана төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууларда улуттук төлөм инфраструктурасын жаңылоо, накталай эмес эсептешүүлөрдү кеңейтүү, инновациялык төлөм чечимдерин киргизүү, киберкоопсуздукту камсыз кылуу жана финансы секторунун технологиялык коркунучтарга туруктуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Тажикстандын делегациясы "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын ишмердүүлүгү менен таанышып, "Элкарт" улуттук төлөм системасын, ELQR бирдиктүү QR-кодун жана тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат алды.

Мындан тышкары, борбордук банктардын өкүлдөрү финансылык секторду жөнгө салуу, төлөм системаларын өнүктүрүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү багыттарында өз ара тажрыйба алмашышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын финансы-банк системаларын өнүктүрүү максатында эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун, кесиптик диалогду жана тажрыйба алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду

Асеин Исаев Кыргыздын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон 14 айдоочу айыпка жыгылды

Москвадан Бишкекке учмакчы болгон жарандын 136 млн рубли конфискацияланды

Импорттоочулар товарларын 2027-жылга чейин каталогго киргизиши керек