Асеин Исаев Кыргыздын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Асеин Исаев Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн Ынтымак-Ордодон билдиришти.
Жаңы дайындоого чейин ал тышкы иштер министринин орун басары болчу.
Исаев 2019-2022 -Кыргызстандын Индиягы элчиси кызматын аркалаган.
Буга чейин Кыргызстандын Белгиядагы элчиси кызматын Идрис Кадыркулов аркалап келген. Ал бүгүн президенттин жарылыгына ылайык кызматынан бошотулган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу