Ысык-Көлдөн дагы 500 метрлик мыйзамсыз торлор алынды

Ысык-Көлдөн дагы 500 метрлик мыйзамсыз торлор алынды

Бүгүн Жаратылыш министрлигинен Ысык-Көлдүн акваториясынан 500 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынганын билдиришти.

Маалымдалгандай, рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн.

Анын жүрүшүндө Тоң жана Ысык-Көл райондорунун акваториясы каралды. Натыйжада жалпы узундугу 500 метрди түзгөн 5 даана эски балык уулоочу тор суудан чыгарылып алынды.

Мекемеден Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар улантыларын белгилешти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эмгек акы кайсы тармакта жогорулаган?

Кызыл-Кыяда 100 чакырым электр чубалгылары, 73 көмөк чордон оңдолду

Манас шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Афганистандан келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жок

Социалдык контракт: Биринчи Май районунда үч ишкердин долбоору жактырылды