Кызыл-Кыяда 100 чакырым электр чубалгылары, 73 көмөк чордон оңдолду
Кызыл-Кыя шаарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарын оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 10 айында 6/10 кВ аба чубалгыларынын 100,23 чакырымы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 73 трансформатордук көмөк чордон толугу менен оңдолду.
Мындан тышкары, 942,63 чакырым аба чубалгысына техникалык тейлөө жүргүзүлүп, 414 трансформатордук көмөк чордонду тейлөө иштери аяктады.
Ошондой эле Кадамжай районунун Үч-Коргон айылына кубаттуулугу 250 кВА болгон эки көмөк чордон орнотулуп, 2,04 чакырым СИП-2 үлгүсүндөгү электр чубалгылары тартылды.
Ишкана билдиргендей, пландагы 502 темир-бетон мамынын 328и орнотулду.
Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя электр тармактары ишканасы 36 512 керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыз кылат. Аткарылган иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз электр камсыздоого багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу