Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

19-20-ноябрда Ысык-Көл облусунда суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынын тарифтери боюнча практикалык тренинг өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана суу кызматын көрсөткөн ишканалардын 100гө жакын өкүлү катышты. 

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, анда тарифти кароо жана колдонуу тартиби талкууланды.

Эл аралык адистер башка өлкөлөрдө бул иштер кандай жүргүзүлөрүн жана ал тажрыйбанын кайсынысын Кыргызстанда колдонсо болорун айтып беришти.

Катышуучулар канча суу колдонулганын так эсепке алуунун, суунун коромжусун азайтуунун жана кирешеси аз үй-бүлөлөр үчүн суу акысын жеткиликтүү кармоонун жолдорун талкуулашты.

Эки күндүк практикалык тренингде катышуучулар райондордо кездешкен көйгөйлөрдү талдап, иш пландарынын долбоорлорун даярдашты. Алар суунун коромжусун азайтуу жана кызматтын сапатын жакшыртуу үчүн кандай иштерди аткаруу керектигин, ал иштерге ким жооп берерин жана мөөнөттөрүн белгилешти.

Тренингди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти уюштурду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду