Бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 13 386 учуру катталды
Республика боюнча бир жумада (16–22-ноябрь) КРВИ жана сасык тумоонун 13 386 учуру катталган. Бул көрсөткүч мурунку аптага салыштырмалуу 17,0%га жогору. Мындай маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.
Маалым болгондой, мурунку аптада 11 439 учур катталган.
2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу оорулардын саны 2,5%га өскөн.
Ооругандардын жалпы түзүмүндө 14 жашка чейинки балдар 67,1%ды (8 967 учур) түзөт.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында эпидемиологиялык көзөмөлдүн тандалма мониторинги улантылууда.
Сасык тумоого каршы эмдөө
Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин "Гриппол+" вакцинасынын 63 734 дозасын сатып алган. Мындан тышкары, министрлик тарабынан сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 100 000 дозасы кошумча сатып алынган. Ошентип, сатып алынган вакциналардын жалпы көлөмү 163 734 дозаны түздү.
Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы эмдөө улантылууда. Биринчи кезекте эмдөө тобокелдик тобуна кирген адамдарга жүргүзүлөт:
- өнөкөт оорулары бар адамдарга;
- 65 жаштан жогорку жарандарга;
- кош бойлуу аялдарга;
- тез-тез ооруган балдарга;
- медицина кызматкерлерине.
Көрсөтүлгөн жарандар үчүн эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.
КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча негизги чаралар
Саламаттык сактоо министрлиги калкка төмөнкү алдын алуу чараларын сактоону сунуштайт:
- колдун гигиенасын сактоо, колду самындап үзгүлтүксүз жуу;
- бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү;
- респиратордук гигиенаны сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
- адамдар көп чогулган жерлерде, өзгөчө респиратордук инфекциянын белгилери байкалганда медициналык беткап колдонуу;
- организмди үшүтүп алуудан сактануу;
- оорунун белгилери пайда болгондо үйдө калып, өз убагында медициналык жардамга кайрылуу;
- КРВИнин белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектепке жана бала бакчага жибербөө;
- эмгек жана эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу жана дене активдүүлүгүн колдоо.
Калкка консультациялык жардам көрсөтүү
Балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда КРВИ боюнча адистештирилген колл-борборлор уюштурулган.
Балада оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо ата-энелер аралыктан консультация алуу үчүн кайрыла алышат. Алар медициналык адистерден сунуштарды жана мындан аркы текшерүүдөн өтүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгы тууралуу маалымат ала алышат.