Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө

Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын бардык райондорунда эт жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Рейддер алардын наркын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында өткөрүлүп жатканын мэриядан билдиришти.

Өткөн жумада райондук администрациялар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте калкты жеткиликтүү баадагы эт азыктары менен камсыз кылуу максатында уй жана кой этин сатуу боюнча 106 кызматташуу келишимин түзүштү.

Ленин районунда "Ош базары" соода-базар комплексинин аймагында соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, белгиленген бааларды сактоо жана аларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Свердлов районунда 2025-жылдын август айынан бери бүгүнкү күнгө чейин 250 рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Октябрь районунда текшерүүлөр "Орто-Сай" базарынын аймагында жүргүзүлдү. Сатуучуларга баа белгилерин илип коюу, белгиленген чектик бааларды сактоо жана азык-түлүктөрдүн наркын негизсиз жогорулатпоонун талаптары түшүндүрүлдү.

2025-жылдын август айынан бери райондо жалпы 598 рейд өткөрүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эт азыктарына белгиленген баадан жогору баа койгондугу үчүн 6 административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, жалпы 56 миң сом айып пул салынган.

Биринчи май районунда рейддик иш-чаралар "Алтын Така эт базары", "Сары-Өзөн" жана "Азиз базары" соода жайларын камтыды. Сатуучуларга жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө эттин жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн белгиленген чектик бааларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддерге райондук администрациялардын, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтын, райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын кызматкерлери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду

Сүлүктүдө электр тармактарын жаңылоо иштери аяктады

Кара-Кулжада мыйзамсыз аңчылык үчүн 30 миң сом айып пул салынды

Кыргыз-дания соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралды

Ошто муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлду