Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады. Объект жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери айтылды.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 57 млн сомду түздү.

Имараттын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Архитектуралык долбоорго ылайык, үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 748 чарчы метрди түзөт. Анда кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сүлүктүдө электр тармактарын жаңылоо иштери аяктады

Кара-Кулжада мыйзамсыз аңчылык үчүн 30 миң сом айып пул салынды

Кыргыз-дания соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралды

Ошто муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлду

Күздүк ным топтоо сугаты 96% аткарылды