Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген 15,7 кг зер буюмдары аныкталды
Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан жана Кытайдан келген чарбалык товарлардын эки партиясынан декларацияланбаган 15 кг 727 грамм зер буюмдары табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактылары "Түндүк" темир жол бажысынын "Темир жол Бекети" бажылык тариздөө жайында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган.
Тактап айтканда, Дубайдан келген 1 391 кг чарбалык товарды текшерүүдө 925-пробадагы күмүштөн жасалган 3,3 кг зер буюмдары - шакектер, сөйкөлөр жана чынжырчалар табылган.
Ал эми Кытайдан келген 13 050 кг товарды кароодо дагы 12 кг 427 грамм декларацияланбаган зер буюмдары аныкталган.
Эки учурда тең зер буюмдарынын алуучусу бир жаран экени белгилүү болгон.
Аталган фактылар боюнча материалдар Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 2 млн 208 миң 695 сомдук зыян толугу менен өндүрүлгөн.



Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу