1700дөн ашык жол тейлөө кызматкери бирдиктүү форма менен камсыздалат

1700дөн ашык жол тейлөө кызматкери бирдиктүү форма менен камсыздалат

Өлкөдө 57 жол тейлөө мекемесинин 1710 кызматкери бирдиктүү формалар менен камсыз болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, учурда кышкы формалар даярдалып, биринчи кезекте алыскы ашууларда жана суук аймактарда эмгектенген жолчуларга жеткирилүүдө.

Жаңы форма иш учурунда ыңгайлуу жана жылуу болушу менен катар, кызматкерлердин коопсуздугуна да багытталган.

Тактап айтканда, кийимдердин көрүнүктүү жерлерине жарыкты кайтаруучу атайын чагылдыргыч элементтер тигилген. Бул түнкү убакта жана көрүнүү начар шарттарда жолдо иштеген кызматкерлердин коопсуздугуна багытталган.

Жалпысынан жолчулар үчүн кышкы, жайкы жана жаз-күз мезгилдерине ылайыкталган үч түрдөгү форма даярдалууда.

"Ар бир жол тейлөө мекемесинин 30 кызматкерин бирдиктүү форма менен камсыз кылуу каралган", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, жол тейлөө мекемелери Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине карайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Анкарада туризм жана саякат боюнча көргөзмө болуп өттү

Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген 15,7 кг зер буюмдары аныкталды

Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду

Сүлүктүдө электр тармактарын жаңылоо иштери аяктады