«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты
Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана ата мекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Экономика жана коммерция министрлиги 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасынын долбоорун иштеп чыкты. Министрликтин берген маалыматына таянсак, мамлекеттик жана жеке секторлордон кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен консультациялар жана жолугушуулар уюштурулган. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча бул