Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат - Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев билдирди. Аалиев учурда пахтаны өстүрүү жана андан текстиль буюмдарын өндүрүүнү караган кластердик өндүрүш долбоору даярдалып жатканын айтат. “Бул Кыргызстандын текстиль тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бизде пахта бар, бирок аны