акыркы жаңылыктар

Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт - Улуттук банк

Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт - Улуттук банк

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди. Жыйында Тазабек Икрамов эмнеге чет элден картага акча доллар менен которулса, бул жактан алып жатканда кайра дагы комиссия төлөнөрү жөнүндө маселени козгоду. “Жиберген акчанын комиссиясын жөнөтүүчү төлөйт. Ал эми картадан картага

МИКте 17 миң жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң жаран банктардын тизмесинде турат

МИКте 17 миң жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң жаран банктардын тизмесинде турат

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) 17 миң 188 жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң 162 жаран банк-партнерлордун тизмесинде турат жана каржылоону күтүшүүдө. Бул тууралуу  Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев минкабдын отчеттук жыйынында билдирди. Анын айтымында, жарандарга турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык насыяларды берүү улантылууда. “2022-

Электр энергиясын импорттоону кескин кыскартуубуз керек - президент

Саясат

Электр энергиясын импорттоону кескин кыскартуубуз керек - президент

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында кечээ, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Жыйында кириш сөз сүйлөгөн президент гидро потенциалга ээ болуп турганда, электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуу керектигин билдирди. “Жараткан тартуулаган суу ресурстарын туура пайдаланып, электр кубатын өндүрүүнү жогорулатып, элибизди арзан электроэнергиясы менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Кыргыз

Алтынды сатуунун төмөндөшүнөн улам, экспорт 23%га азайды

Экономика

Алтынды сатуунун төмөндөшүнөн улам, экспорт 23%га азайды

28-декабрда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин отчеттук жыйынында өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады. Амангелдиев КРнын тышкы жана өз ара соодасы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41%га көбөйгөнүн, анын ичинде импорттун көлөмү 76.4%га өскөнүн, ал эми экспорт 23.1%га азайганын билдирди.

Отчеттук жыйында «эң жакшы» деген баага Экономика жана Финансы министрликтери татыган жок

Саясат

Отчеттук жыйында «эң жакшы» деген баага Экономика жана Финансы министрликтери татыган жок

Кечээ, 28-декабрда өткөн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.  Жапаров өлкөнүн башкы документи болгон – Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы

Президент: консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчү кийинки жылы 500 млрд сомдон жогору болот

Экономика

Президент: консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчү кийинки жылы 500 млрд сомдон жогору болот

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында кечээ, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Жыйында кириш сөз сүйлөгөн президент 2022-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча КРнын ИДПсы 781.4 млрд сомду түзүп, 7%га өсүш камсыздалганын билдирди. “Финансы министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчүн 400 млрд сомдон

Салык кызматы КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизди

Салык кызматы КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын декабрынан тартып кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү максатында “КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы” (“КНС” системасы) аналитикалык системасын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Системаны ишке киргизүүнүн аркасында Салык кызматы отчеттук маалыматтарда 277 млн сом суммасындагы КНСтин дал келбестигин аныктаган, анын ичинен өлкөнүн бюджетине 40

Мамлекеттик жана тышкы карызды тейлөөгө 39.5 млрд сом жумшалды

Экономика

Мамлекеттик жана тышкы карызды тейлөөгө 39.5 млрд сом жумшалды

Тышкы карызды тейлөө боюнча, кечиктирүү болгон жок. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-декабрда өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди. “Мамлекеттик карызга 39.5 млрд сом, анын ичинен тышкы карызга 26.7 млрд сом берилди. Ушуну менен тышкы карызды тейлөө графиги ийгиликтүү аяктады. Акыркы төлөмдөрдү 23-декабрда жүргүздүк”

2022-жылды 434.8 млрд сом менен жабабыз - Акылбек Жапаров

Экономика

2022-жылды 434.8 млрд сом менен жабабыз - Акылбек Жапаров

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны ушул сааттарда өтүүдө. Жыйында баяндама жасаган минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстарын 404.2 млрд сомдон ашыруу планы коюлганын билдирди. “Жылды болжол менен 434.8 млрд сом менен жабабыз. Эки жылда бюджетти эки эсеге

Министрлер кабинети 2022-жылы жаман иштеген жок - Акылбек Жапаров

Министрлер кабинети 2022-жылы жаман иштеген жок - Акылбек Жапаров

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны ушул сааттарда өтүүдө. Жыйында баяндама жасаган минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Садыр Жапаров баштаган минкаб бул жылы жаман иштеген жок деген пикирин билдирди. “Мен муну 1992-жылдан бери саясатта жүргөн тажрыйбама таянып айтып жатамын. Өкмөттө жөнөкөй кызматкерден биринчи

Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы Улан-Батор – Бишкек – Шарджа жаңы чартердик каттамын ачты

Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы Улан-Батор – Бишкек – Шарджа жаңы чартердик каттамын ачты

2022-жылдын 30-декабрынан баштап Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы Улан-Батор – Бишкек – Шарджа багыты боюнча жаңы чартердик каттамды ачат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, каттам жумасына бир жолу жума күндөрү (2022-жылдын 30-декабрында, 2023-жылдын 6, 13, 20 жана 27-январында), кайрадан артка

Кыргызстанда балага сүйүнчү пул убактылуу берилбейт

Кыргызстанда балага сүйүнчү пул убактылуу берилбейт

Кыргызстанда сүйүнчү пул убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматта анын токтотулушуна “балага сүйүнчү” борборлоштурулган базасынын жаңыланып жатышы себеп болгону айтылат. Арыздарды кабыл алуу мурдагыдай тартипте улана берет, бирок төлөмдөр система жаңылангандан кийин, жаңы жылдан тарта бериле баштайт. Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тартып