Алтынды сатуунун төмөндөшүнөн улам, экспорт 23%га азайды

Алтынды сатуунун төмөндөшүнөн улам, экспорт 23%га азайды

28-декабрда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин отчеттук жыйынында өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады.

Амангелдиев КРнын тышкы жана өз ара соодасы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41%га көбөйгөнүн, анын ичинде импорттун көлөмү 76.4%га өскөнүн, ал эми экспорт 23.1%га азайганын билдирди.

“КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 3 823 млн долларды түзүп, 39.2%га өстү, анын ичинде, экспорт 1 261 млн долларды түздү (өсүү 1.9 эсе болду), импорт – 2 562 млн долларды түздү (22.9%га өскөн). 

КРнын экспортунун жалпы көлөмү алтындын экспортунун төмөндөшүнүн эсебинен кыскарган, алтынды эсепке албаганда экспорттун көлөмү дээрлик 1.7 эсеге көбөйүп, 1 860 млн долларды түздү”, – деди министр. 

Ошондой эле ал 2022-жылдын жыйынтыгы менен КРнын экономикасынын өнүгүүсү ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында жогорку деңгээлде болуусу болжолдонуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ сел жана суу ташкыны боюнча шашылыш эскертүү таратты

ӨКМ сел жана суу ташкыны боюнча шашылыш эскертүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-августтун экинчи жарымынан тарта 6-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш эскертүү таратты. Министрликтин маалыматына ылайык, бул күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу сакталат. ӨКМ жарандарды өзгөчө сак болууга чакырып, кооптуу аймактарда эс алуудан жана кокту-

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев –Каракол автомобиль жолун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин сапатын жана аткарылып жаткан жумуштардын графигин текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө министр жооптуу жетекчилер жана подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоорду белгиленген

Кочкордо эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасалууда

Кочкордо эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасалууда

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Баялы Досалиев, акимдин орун басары Нурлан Элчибаев жана райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы Темирлан Мураталиев "Сал Эм" асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын учурдагы абалы, малды багуу шарттары, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыгарылды

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыгарылды

Улуттук банк 3-августтан тарта "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, монета Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Ал Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат