Мамлекеттик жана тышкы карызды тейлөөгө 39.5 млрд сом жумшалды

Мамлекеттик жана тышкы карызды тейлөөгө 39.5 млрд сом жумшалды

Тышкы карызды тейлөө боюнча, кечиктирүү болгон жок. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-декабрда өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

“Мамлекеттик карызга 39.5 млрд сом, анын ичинен тышкы карызга 26.7 млрд сом берилди. Ушуну менен тышкы карызды тейлөө графиги ийгиликтүү аяктады. Акыркы төлөмдөрдү 23-декабрда жүргүздүк”, – деди ал.

2022-жылдын 30-сентябрына карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 5 млрд 218 млн долларды (418 млрд 384 млн сом) түзгөн. 

Финансы министрлиги берген маалыматка таянсак, карыздар төмөндөгүдөй:

  • 79.8% мамлекеттик тышкы карыз — 4 млрд 162 млн доллар (333 млрд 769 млн сом)
  • 20.2% мамлекеттик ички карыз — 1 млрд 28 млн доллар (84 млрд 615 млн сом). 

Улутсаткомдун берген маалыматын карасак, Кыргызстандын тышкы карызы беш жыл катары менен көбөйүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 5 млрд 150 млн долларды (436 млрд 587 млн сом) түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Пластик менен текстиль калдыктарын кайра иштеткен ишканалар текшерилди

Пластик менен текстиль калдыктарын кайра иштеткен ишканалар текшерилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды лицензиялоо жана колдоо иштерин жүргүзүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, бул чаралар циркулярдык экономиканы өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасын киргизүү жана кайра иштетүүчүлөрдүн санариптик реестрин түзүү максатын көздөйт. Лицензия алдындагы көзөмөлдүн алкагында картон, пластик жана текстиль калдыктарын кайра иштеткен, ошондой

Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда, ошондой эле Россия жана Казакстанда негизги азык-түлүк товарларынын баасына салыштырма мониторинг жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда күрүчтүн баасы 4,4%, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 3,6%, тазаланган күн карама майы 2,3%, каймак майы 1,4%, уй

Саламаттык сактоо министрлигинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы 2025-жылга карата Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын мекемелеринин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарды. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, бюджеттик каражаттарды пайдалануу негизинен мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.  Бирок аудиттин жүрүшүндө эмгек акыны мыйзамсыз төлөө, курулуш иштеринин көлөмүн негизсиз көбөйтүү, бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы ченемдерди бузуу жана негизсиз киреше алуу

Кыргызстанда тергөөчүлөр үчүн санариптик окутуунун жаңы форматы ишке кирди

Кыргызстанда тергөөчүлөр үчүн санариптик окутуунун жаңы форматы ишке кирди

Башкы прокуратура ички иштер органдарынын кызматкерлерин "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" системасында иштөөгө үйрөтүү үчүн практикага багытталган окутуунун жаңы форматын ишке киргизди. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, анын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана аймактык ички иштер органдарынын жаңы дайындалган жана иштеп жаткан тергөөчүлөрү үчүн "Электрондук кылмыш ишин&