Отчеттук жыйында «эң жакшы» деген баага Экономика жана Финансы министрликтери татыган жок

Отчеттук жыйында «эң жакшы» деген баага Экономика жана Финансы министрликтери татыган жок

Кечээ, 28-декабрда өткөн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. 

Жапаров өлкөнүн башкы документи болгон – Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы киргизилгендигин белгиледи, анда ар бир мамлекеттик органдын ар бир иш-чарага  жоопкерчиликтүү караганы жана салым кошкону каралды. 

Талдоонун жыйынтыгы боюнча “мыкты”, “жакшы”, “үч” жана “эки” деген баалар менен аныкталганын кошумчалады. 

Тизмедеги мамлекеттик органдар “эң жакшы” деген баа алышты, бирок ага Экономика жана Финансы министрликтери кирген жок.

  • Мамлекеттик салык кызматы
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
  • Ички иштер министрлиги
  • Коргоо министрлиги
  • Тышкы иштер министрлиги
  • Юстиция министрлиги
  • Улуттук статистика комитети
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги
  • Социалдык фонд.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media