Баткенде жеңилдетилген насыялардын үстөк пайызын төлөө үчүн мамлекеттик банктарга 66 млн сом берилет
Министрлер кабинети “Баткен облусун каржылоо” долбоорунун алкагында пайыздык чендерди субсидиялоонун көлөмүн 50 млн сомдон 66 млн сомго чейин жогорулатты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, насыялар «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААК тарабынан берилет. Жергиликтүү ишкерлер ала турган жеңилдетилген насыянын жалпы суммасы 470 млн