2022-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 млрд сом трансферт болгон

2022-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 млрд сом трансферт болгон

Финансы министрлиги 2022-жылы жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн бюджет аралык трансферттер боюнча маалымат берди.

Анда 2022-жылдын январь-ноябрында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 млрд сом суммасында бюджет аралык трансферттер бөлүнгөнү айтылат.

Теңдештирүүчү трансферттер – 1.3 млрд сомго каржыланган.

Максаттуу трансферттер – 4.7 млрд сомго каржыланган.

Алар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарга электр энергиясын пайдалануу үчүн төлөөдө 50% өлчөмүндө  компенсацияга  – 148 млн сом каржыланган
  • Статисттердин айлык акысына – 140 млн сом каржыланган
  • Калктуу конуштардын генпланын түзүүгө – 50 млн сом  
  • ГРСтин айлык акысына – 46.3 млн сом
  • жергиликтүү бюджеттерге коммуналдык кызматтар боюнча карыздар жана башка чыгымдар (э/энергия, жылуулук/энергия, көмүр жана ирригация казандарын оңдоо) – 93 млн сом
  • Маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга – 3.1 млрд сом
  • Каракол шаарына – 885 млн сом
  • Токмок шаарына 40 млн сом
  • Жер налогунун түшүүсүнөн 112 млн сом
  • Ош шаарына 65 млн сом
  • Баткен шаарына – 15 млн сом.

Мындан тышкары окуңуз

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи

4-августтан баштап “Бала ырысы” жөлөкпулу бериле баштайт

4-августтан баштап “Бала ырысы” жөлөкпулу бериле баштайт

Кыргызстандагы үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы, ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөкпулунун алгачкы төлөмдөрү 2026-жылдын 4-августунан баштап бериле баштайт. Мамлекет тарабынан берилүүчү  жардамдын көлөмү айына - 1200 сомду түзөт. Каражат июль айында кайрылган ата-энелерге “Элдик Банк” жана “А Банк” аркылуу берилет. Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча,

Өзбекстандан Кыргызстанга 2 айыл расмий түрдө өткөрүлүүдө

Өзбекстандан Кыргызстанга 2 айыл расмий түрдө өткөрүлүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында жер аянттарын алмашууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жер аянттарын алмашуунун уюштуруучулук-техникалык маселелерин, анын ичинде алмашылуучу аймактардын жашоочуларынын жарандык макамын аныктоо, аларды көчүрүү, ошондой

Чайга айына канча акча коротосуз? - бир чыныдан башталган чоң экономика

Чайга айына канча акча коротосуз? - бир чыныдан башталган чоң экономика

Кыргызда кеңеш да, келишим да, көп маселелердин чечими да чай үстүндө табылат. Чарчоонун, сууктун, а түгүл ысыктын да дабасы – чай. Кыскасы, биз үчүн ал жөн гана суусундук эмес, жылуу мамиленин, баарлашуунун жана күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү. Бирок эртең мененки дасторкондон башталып, кечки маекке чейин коштогон ушул адаттын артында чоң керектөө