Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салууга 7850 адам, 390 техника тартылды - ӨКМ
Бүгүн, 23-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салуу иштери боюнча Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов “Кабар” маалымат агенттигинде маалымат берди. Шамырканов Баткен облусунда жүргүзүлгөн эвакуация иштерин, жарандар кайсыл айылдарга жана шаарларга жайгаштырылгандыгын айтып өттү. Анын айтымында, Баткен шаарынан – 25 миң 600 жаран эвакуацияланып, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларына