Энергетика кызматкерлери Баткенде тынымсыз иштешүүдө - Достукта иштен чыккан жабдууларды калыбына келтиришти

Энергетика кызматкерлери Баткенде тынымсыз иштешүүдө - Достукта иштен чыккан жабдууларды калыбына келтиришти

Энергетика кызматкерлери кыргыз-тажик чегиндеги кандуу кагылыштан жабыр тарткан калктуу конуштардын электр жабдууларын калыбына келтирүүнү улантып жатышат жана учурда Достук айылындагы иштен чыккан жабдууларды дээрлик калыбына келтирип бүтүштү. Бул тууралуу “Улуттук Энергохолдинг” билдирди.

23-сентябрга карата Баткен РЭТ бригадасы тарабынан Баткен районуна караштуу Достук айылындагы калыбына келтирүү иштери аягына чыгарылды.

“Анда 10 кВ күч берүүчү трансформатору алмаштырылып, Достук көмөкчү станциясындагы зыян келтирилүүдөн улам өчүп калган 2 фидер ишке киргизилди. Андан сырткары, “Достук” 35/10/6 кВ көмөкчү станциясында 6300 кВА трансформатору алмаштырылып, ишке киргизилди. 23-сентябрга карата иштен чыккан бардык 10 кВ фридерлер оңдолду”, – дейт мекеме.

Ошондой эле Лейлек РЭТинин бригадасы Максат айылындагы зыянга учураган электр жабдууларын калыбына келтирүү менен алектенип жатат. Бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө бригадалары тарабынан Капчагай, Масеиттин жана Көктерек айылдарындагы 10 кВ тармагы боюнча электр берүү кубаттуулуктары калыбына келтирилген.

“Турак-жайларга кирүүгө мүмкүнчүлүк алгандан кийин РЭТ бригадалары 0.4 кВ тармагы боюнча оңдоп-түзөө иштерин башташат. 2022-жылдын 20-сентябрынан баштап кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген жерлерге калыбына келтирүү иштери үчүн 6 топ (Баткен РЭТине 4, Лейлек РЭТине 2) ишке чыккан. Ал жерден багыттуу түрдө Баткен РЭТине 6-7 бригада, Лейлек РЭТине 4 бригада болуп бөлүнүп кетишкен”, – деп айтылат “Улуттук Энергохолдинг” берген маалыматта.

Ошондой эле 20-сентябрдан баштап энергетика кызматкерлери келтирилген зыяндарды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын курамында иштей башташкан.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунда да электр берүү тармагы штаттык режимде иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан жаңжалдын башталышынан тарта 6-10 кВ кубаттуулуктагы 20 чубалгы, андан сырткары, 35 кВ кубаттуулуктагы бир чубалгы өчүрүлгөн. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы 39 калктуу конуш электр жарыгысыз калган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банктарында накталай орус рубли менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалып, валюта рыногунда рубль менен операция жүргүзгөндөр үчүн көйгөй жаратууда. Эл аралык ЖМКнын маалыматтарына таянсак, Казакстан менен Беларуста айрым банктар накталай рубль менен операциялар үчүн комиссияны 10–20%га чейин жогорулаткан.

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарындагы "Акылман" президенттик мектеп-лицейиндеги курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, мекемеде 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак жай, лабораториялар, китепкана, 25 метрлик