Улуттук банк комбанктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү маселесин карайт

Улуттук банк комбанктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү маселесин карайт

Улуттук банк ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгууну, ошондой эле коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (регулятордук) капиталынын өлчөмүн көбөйтүү маселеси боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын сайтында маалымдалды.

Анда маалым болгондой, банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатуу, ошондой эле банк системасынын тобокелдиктеринин ордун жабуу жана банктардын коопсуз иши үчүн зарыл болгон капиталдык базаны чыңдоо жана колдоо максатында, кайрадан түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошуу менен) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү тууралуу маселе каралып жатат. 

Белгиленгендей:

  • Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга тиешелүү 
  • Капиталдаштыруу зарылдыгы учурунда сунуш кылынган жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго туш болот
  • Долбоор КРнын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Улуттук банк комбанктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмүн көбөйтүү маселеси боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарын расмий сайтында аталган даректер боюнча күтөт.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банктарында накталай орус рубли менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалып, валюта рыногунда рубль менен операция жүргүзгөндөр үчүн көйгөй жаратууда. Эл аралык ЖМКнын маалыматтарына таянсак, Казакстан менен Беларуста айрым банктар накталай рубль менен операциялар үчүн комиссияны 10–20%га чейин жогорулаткан.

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарындагы "Акылман" президенттик мектеп-лицейиндеги курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, мекемеде 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак жай, лабораториялар, китепкана, 25 метрлик