КР Япония менен тышкы карызын тейлөөнү токтотуу боюнча макулдашты

КР Япония менен тышкы  карызын тейлөөнү токтотуу боюнча макулдашты

КРнын Финансы министрлиги Япония өкмөтү менен КР министрлер кабинетинин ортосундагы мамлекеттик тышкы 692 млн иен суммасындагы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фонду G20 өлкөлөрүн Карызды тейлөөнү токтотуу демилгесин иштеп чыгууга чакырды. Бул түзүмдүн максаты – COVID-19га жооп катары каржылык жүктү азайтуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Япония өкмөтү түздөн-түз же эл аралык уюмдар аркылуу КРга пандемия менен күрөшүүдө жардам көрсөтүп келген. 


DSSI өлкөлөргө ресурстарын пандемия менен күрөшүүгө жана миллиондогон эң аялуу адамдардын өмүрүн жана тиричилигин коргоого багыттоого жардам берет. Демилге 2020-жылдын 1-майынан тартып күчүнө киргенден бери 40тан ашуун өлкөгө 5 млрд доллардан ашык жардам берген. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банктарында накталай орус рубли менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалып, валюта рыногунда рубль менен операция жүргүзгөндөр үчүн көйгөй жаратууда. Эл аралык ЖМКнын маалыматтарына таянсак, Казакстан менен Беларуста айрым банктар накталай рубль менен операциялар үчүн комиссияны 10–20%га чейин жогорулаткан.

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарындагы "Акылман" президенттик мектеп-лицейиндеги курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, мекемеде 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак жай, лабораториялар, китепкана, 25 метрлик