Эмгек министрлиги Германияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча макулдашты

Эмгек министрлиги Германияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча макулдашты

Эмгек министрлиги жана Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Аталган министрлик менен Германиянын ишке орноштуруу федералдык агенттиги ГФРДА кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу жаатында өз ара аракеттенүү меморандумуна кол коюшту.

“Меморандум тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого мүмкүндүк берет, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтет жана бекемдейт”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Эмгек министрлиги белгилегендей, тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө өз ара маалымат алмашуу үчүн КРнын министрлер кабинети менен Германиянын федералдык өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы горизонттору түзүлөт.

Германиянын ишке орноштуруу Федералдык агенттигинин делегациясы билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун, кыргыз-герман колдонмо информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.

Бирок министрлик кыргызстандыктарга болжол менен канча квота берилери тууралуу маалымат берген жок.


Эскерте кетсек, жакынкы арада Россиядагы кыргызстандык мигранттар мекенине кайтышы мүмкүн. Анткени Россиянын президенти Владимир Путин РФда жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат. Мигранттардын укугун коргогон активист Валентина Чупик россиялык паспорту бар мигранттарга Россиядан чыгып кеткиле деген кеңешин берген.

Кайрылууда ал мигранттар «өз ыктыяры менен аскердик кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болорун айтты. Мигранттардын мекенине кайтышы ансыз да жумушсуздук күчөгөн Кыргызстандын эмгек рыногунда атаандаштыкты жаратышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банктарында накталай орус рубли менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалып, валюта рыногунда рубль менен операция жүргүзгөндөр үчүн көйгөй жаратууда. Эл аралык ЖМКнын маалыматтарына таянсак, Казакстан менен Беларуста айрым банктар накталай рубль менен операциялар үчүн комиссияны 10–20%га чейин жогорулаткан.

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарындагы "Акылман" президенттик мектеп-лицейиндеги курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, мекемеде 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак жай, лабораториялар, китепкана, 25 метрлик