акыркы жаңылыктар

Кыргызстандын мыкты салык төлөгөн 23 компаниясы аныкталды - тизмеси

Кыргызстандын мыкты салык төлөгөн 23 компаниясы аныкталды - тизмеси

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. Аларды сыйлоо аземи 1-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү. Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын

Эсеп палатасы: 2021-жылы эң көп финансылык тартип бузуу Бишкек мэриясында болгон - 16%

Эсеп палатасы: 2021-жылы эң көп финансылык тартип бузуу Бишкек мэриясында болгон - 16%

Эсептөө палатасы 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча жылдык отчетун жарыялады. Анда Бишкек мэриясында эң көп финансылык тартип бузуулар болгону, тагыраак айтканда, мэрия 4.5 млн сомду мыйзамсыз иштетип жибергени айтылат. 2021-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жүрүшүндө аныкталган финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасы 28 288.1 млн сом болгон. Аныкталган финансылык тартип

«Кыргызкөмүр» МИ бааларды кымбаттатып, мамлекетке 127 млн сом зыян келтирген

«Кыргызкөмүр» МИ бааларды кымбаттатып, мамлекетке 127 млн сом зыян келтирген

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кыргызкөмүр» МИнин жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, мыйзамсыз түрдө, өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» ЖЧКлары менен «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы

«Манас» жана «Ош» аэропортторун тышкы башкарууга берип, пайданы 50/50 бөлүшөбүз - Акылбек Жапаров

«Манас» жана «Ош» аэропортторун тышкы башкарууга берип, пайданы 50/50 бөлүшөбүз - Акылбек Жапаров

“Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, аэропорт боюнча өз пикирин, көз карашын билдирди. Анда Жапаров бүгүнкү күндө аэропортко күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштай турганын, эң акыркы

Күзгө даярдык: Республика боюнча 1.5 миң дан жыйноочу комбайн бар - 80% камсыздайт

Күзгө даярдык: Республика боюнча 1.5 миң дан жыйноочу комбайн бар - 80% камсыздайт

Кыргызстандын аймагында бардыгы 1960 дан комбайны бар болсо, анын 1577 даанасы ишке жарайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Министрликтин айыл чарба субъектилердеги оруп-жыюучу техникалардын 1-июлга карата даярдыгы тууралуу маалыматта республика боюнча 1.5 миң дан комбайны бар экени айтылат. Андан тышкары: * Тракторлор – 20 миң 298 (92% камсыздайт)

Токиодо кыргыз товарларын саткан «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды

Токиодо кыргыз товарларын саткан «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды

1-июлда Токиодо кыргыз товарларын саткан «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды. Ачылуу аземине Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев катышкан. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Бул долбоорду япониялык ишкер Масуда Эйдзиро КРнын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен ишке ашырган. Берилген маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» соода түйүнүндө КРнын товарлары, ошондой эле курамында

Россия КРнын 47 миң жаранын «кара тизмеден» чыгарды - дагы чектөө коюлган 35 миң кыргызстандык бар

Россия КРнын 47 миң жаранын «кара тизмеден» чыгарды - дагы чектөө коюлган 35 миң кыргызстандык бар

Россия КРнын 47 миң жаранын “кара тизмеден” чыгарды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. КР ТИМдин Россия менен жүргүзгөн иштин натыйжасында, мурда РФнын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын тизмеси кыскартылды. Натыйжада, Россияда «майда» административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Россиянын аймагына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынган. Бирок учурда Кыргызстандын

Германиядан келген делегация түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт - бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтөт

Германиядан келген делегация түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт - бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтөт

Германиядан келген делегация Ош жана Жалал-Абад шаарларында иш сапары менен жүрүшөт жана бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Германиянын Өнүктүрүү министрлигинин Кыргызстан боюнча кеңешчиси Дагмар Кренц айым жетектеген немис делегациясы Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы өнүктүрүү долбоорлору менен таанышууда. Бул

Кытай экинчи айланма Чүй каналын бекер куруп берет

Кытай экинчи айланма Чүй каналын бекер куруп берет

Кытай «Экинчи айланма Чүй каналын куруу» долбоорун ишке ашырууга гранттык негизде каражат берет, тагыраак айтканда, бекер куруп берет. Мындай маалымат 1-июлда Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусу учурунда айтылды. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Мадмаров айланма Чүй каналын, ошондой эле

Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды - учуу убактысы 40 мүнөт

Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды - учуу убактысы 40 мүнөт

Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас” Эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы билдирди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды. SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. Учуу убактысы 40 мүнөттү түзөт.

Мамлекеттик ишкана казарма курууга арналган 26 млн сомду коротуп салган

Мамлекеттик ишкана казарма курууга арналган 26 млн сомду коротуп салган

Аскер прокуратурасы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды башка максаттарга пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, акча мамлекеттик ишканага КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттарынын казармасын куруу үчүн бөлүнгөн. Аудиттин жыйынтыгында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет 2017-2019-жылдары курулушка 183 млн сомдон ашык

Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды

Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды

Бүгүн, 1-июлда, 2022-жылдын жайкы сезонундагы биринчи рейс Оштон Ысык-Көлгө учуп келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Оштон Ысык-Көлгө биринчи каттам менен 100 жүргүнчү учуп келип, Ысык-Көлдөн Ошко 96 жүргүнчү учту. Бул каттамды ата мекендик TezJet авиакомпаниясы ишке ашырат. Ал