Кыргызстандын мыкты салык төлөгөн 23 компаниясы аныкталды - тизмеси

Кыргызстандын мыкты салык төлөгөн 23 компаниясы аныкталды - тизмеси

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Аларды сыйлоо аземи 1-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү.

Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 23 компания аталды:

  • өндүрүш жаатында – “РыбМир” ЖЧК, “Салих ЛТД” ЖЧК, “Ош-Мастер” ЖЧК, “Табылгы” ЖЧК, “Интерхим” ЖЧК, “Ош Сут” ААК, “Нур” ЖЧК, “Бай Дыйкан” ЖЧК
  • курулуш жаатында – “Глобал Строй Сервис” ЖЧК, “Ак-Тулпар” ЖЧК, “Падыша Ата Лимитед” ЖЧК
  • соода жаатында – “Нефтяная компания Сервис” ЖЧК, “Мечта Кей Джи” ЖЧК, “Техно-Сервисный Центр “Айсберг” ЖЧК, INTANT-Bishkek ЖЧК, “Металл Торг Сервис” ЖЧК, “Империя пиццы” ЖЧК, “Торговый Дом “Керамин” ЖЧК
  • тейлөө жаатында – “Альфа Телеком” ЖАК, TEZ JET ЖЧК, City Center ЖЧК, “Билет Стандарт” ЖЧК, Baker Tilly Bishkek ЖЧК.

Мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө