«Кыргызкөмүр» МИ бааларды кымбаттатып, мамлекетке 127 млн сом зыян келтирген

«Кыргызкөмүр» МИ бааларды кымбаттатып, мамлекетке 127 млн сом зыян келтирген

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кыргызкөмүр» МИнин жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, мыйзамсыз түрдө, өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» ЖЧКлары менен «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонналык көмүрдү ташып жеткизүү үчүн кызматтарды сатып алуу боюнча атайын бекитилген баанын өлчөмүнөн эки эсеге жакын кымбат баада келишим түзүшкөндүгү аныкталган.

Натыйжада, мамлекетке 127 млн 185 миң сомдук зыян келтирилген.

Мындан тышкары окуңуз

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө